Ош облусунда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Кечээ, 30-ноябрда КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы Жогорку окуу жайлардын ректорлорун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларын кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге видео байкоо камераларын орнотуу, билим берүү тармагын санариштертирүү иштерин аягына чыгаруу, сапаттуу интернет менен камсыз кылуу, бүтүрүүчүлөрдү сынактарда даярдоо жана мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго орноштурууда жеңилдиктер тууралуу талкууланды.

Ош облусунун башчысы мектеп интернатынын бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго, колледждерге жана кесиптик лицейлерде билим алуусуна жеңилдетилген негизде кабыл алуу жана аларга шарт түзүү боюнча ЖОЖ ректорлоруна тапшырма берди.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге видео байкоо камераларын орнотуу, билим берүү тармагын санариштештирүү иштерин 2023-жылдын февралына чейин аягына чыгаруу керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий