• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ош облусунда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2 мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы №125 Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районундагы №57 А.Өмүрзаков атындагы мектептин жаңы имараттарынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында жүрүүдө.

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берип, электр энергиясын үнөмдөйт. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, санитардык-гигиеналык шарттар дагы түзүлмөкчү.

Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Долбоорго ылайык, мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен жердин сейсмикалык тобокелдиги, имараттын абалы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.

Белгиленгендей, Шарк айылында жайгашкан №125 Боболашкар мектебинин эски имараты 1970-жылдары курулган. Бүгүнкү күндө үч нөөмөттө 460тан ашуун окуучу билим алууда. Эми 225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат салынат. Анда 16 окуу кабинети, 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Учурда пайдубалын тургузуу иштери кызуу жүрүүдө.

Ал эми Ана-Кызыл айылындагы №57 А.Өмүрзаков атындагы мектеп 1970-жылдары курулган. Мектептин имараты 200 окуучуга ылайыкталган, учурда 500 бала окуйт. Бул билим уясына да жаңы эки кабаттуу имарат салынат. Ушу тапта пайдубалды тургузуу иштери колго алынган.

Пикир

Оставить комментарий