• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ош облусунда эки мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Ош облусунун эки билим берүү объектисинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Архиректура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар Кара-Суу районундагы Маданият айылында № 42 мектеби жана Араван районунун Кочубаев айылындагы №23 А.Тургунов атындагы мектеп-интернаты.

Аталган мектептердин ар бири 225 окуучуга ылайыкталып, 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары тургузулган. Ошондой эле мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылган.

Белгилей кетсек, жаңы мектептердин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, алардын сметалык наркысы 157 млн 834 миң 320 сомду түзгѳн.

Пикир

Оставить комментарий