Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 03:36да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Араван районунун Араван, Көчүбаев, Мангыт, Жаңы-Араван айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий