Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Пикир
Оставить комментарий