Ош облусунда калың карды жиреп, жарыкты берген энергетиктер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Ош облусунда калың карды жиреп, жарык берген энергетиктер сыйланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сыйлыктарды президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев тапшырды. Ал "Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат жана Кара-Кулжа РЭТтеринин электр куроочуларын кабыл алып, катаал шарттагы аба ырайына карабастан функционалдык милдеттерин так аткаргандыгын баса белгилеп ыраазычылыгын билдирди.

Энергетиктерге бекем ден-соолук, мындан аркы да ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин атынан “Ардак грамота” тапшырды.

Ушул жылдын февраль айында Көк-Бел жана Алайкуу өрөөнүндө эмгектенген электр куроочулар авариялык кырдаалды калың жааган карга карабастан ат минип жана жөө чыгып оңдоп, калыбына келтиришкен.

Пикир

Оставить комментарий