• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткенде кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, муктаждарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында ыйык Орозо айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасы өттү, деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов, "Баткен Ыйман Нуру" коомдук фондунун жетекчиси Апызаалы Кочкоров жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Бул күнү "Баткен Ыйман Нуру" коомдук фонду тарабынан муктаж болгон 61 баланын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.


Маалымат үчүн: Аталган фонд 2019-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Фонд ата-энесинен ажыраган балдарды багып алууга, толук кандуу тарбия берүүгө мүмкүнчүлүгү бар үлгүлүү ата-энелерди таап, өкүл ата, өкүл апа катары дайындап келишет.

Демилгени көтөргөн Апыз Кочкоров алгачкылардан болуп жубайы экөө өкүл балалуу болушкан.

Аталган фонд 2019-жылдан бери 7, 5 млн сомдук жардам көрсөткөн, жалпы 18 баланын сүннөт тоюн өткөргөн, 48 бала өкүл ата, өкүл апалуу болушкан.

Пикир

Оставить комментарий