Ош облусунда келерки кышка даярдык иштери башталды – Энергетика министрлиги

Аймак 0


Бишкек, 15.0324. /Кабар/. Ош облусунда 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан "Араван" жана "Ош-3" көмөк чордондорунда кезектеги оңдоо иштери жүрүп жатат.

Тактап айтканда, көмөк чордондордогу негизги электр жабдыктарын профилактикалык сыноодон өткөрүп, кыймылдаткыч бөлүктөрүн оңдоп-түзөө, майлоо иштери жасалууда.

"Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн көмөк чордондогу авариялык кырдаалды болтурбоону, жана алдын алууну көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий