Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун барасы Бактыбек Алайчиев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, өмүр сакчыларына өкүлчүлүктүн атынан Ардак громата жана акчалай сыйлык тапшырылды. Бактыбек Алайчиев жалпы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эпидемиологиялык кырдаалдагы эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы июль айынын алгачкы жекшембисинде белгиленет.
Пикир
Оставить комментарий