• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде президенттин ысырапкерчиликке каршы жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Баткен шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаардык милиция кызматкерлери Баткен шаарынын маданият үйүндө шаар жашоочуларына маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери боюнча эл менен жыйын өткөрдү. Бул жыйынга Баткен шаарынын 150 жакын жергиликтүү тургундары катышты.

Жыйынга Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен ШИИБнын начальниги Жаныбек Канзаманов, Баткен шаардык имам-хатибинин орун басары Махмут ажы Курманбаев катышып, элге КР президенти Садыр Жапаровтун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытындагы чыккан жарлыгын жарандарга жеткирип, маани-маңызын түшүндүрдү.

Ошондой эле урп-адаттардын ашыкча ысырапкерчилиги элдин экономикалык жана социалдык жактан зыянга алып келе турганын түшүндүрүп, Баткен шаарынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна Баткен шаарынын казыяты жана мечиттин имам хатибтери жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий