• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ош облусунда санитардык талаптарды бузган объекттерге дээрлик 2 млн сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Ош облусунда санитардык талаптарды бузган объекттерге дээрлик 2 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлүлүктөн маалымдашкандай, республикалык штаб тарабынан бекитилген комплекстүү иш-чаралардын алкагында облус аймагында коомдук жайларга рейддер жүргүзүлгөн.

"Өткөн жумада жалпы облус боюнча 10 миң 509 объект текшерилип, 3 миң 847 санитардык көрсөтмө берилди. Санитардык талаптарды аткарбагандарга 1 млн 936,5 миң сом айыппул салынды. Мындай рейддер башка райондордо да улантылат", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Пикир

Оставить комментарий