• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда селден канча объект жабыркагандыгы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти.

Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:

  • 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
  • 642 турак үйгө суу кирген.

Ош шаары боюнча:

  • 1 соцобьект (1 бала бакча);
  • 146 турак үйгө сел суусу кирген.

Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Пикир

Оставить комментарий