• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ош облусунда селден жабыркаган бардык каналдар калыбына келтирилди

Аймак 0


Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Ош облусунда 18-июлдагы селден кийин сугат каналдары тазаланып, калыбына келтирилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда дыйкандарга сугат суу үлгүлтүксүз бериле баштады. Атап айтканда:

Ноокат районунда "Күнгөй", "Сапарбаев-2", "Ходжа", "Старый Грей-Шорон" чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Араван районунда "Найман-Головной", "Мазар-Арык", "Сандык", "Мечит", "Жаңы-Арык" жана "Араван-Сай" чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Ош башкы суу чарба башкармалыгынын "Отуз-Адыр", "Араван-Ак-Буура" чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий