• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Аламүдүн районунда 100 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр райондун 3 айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө бир тоннадан таратылган.

Белгиленгендей, кайрымдуулук иш-чарасы "Смарт Дженерейшн" (Smart Generation) жана "Ихсан Хаирия" (Ihsan-Hairia) кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий