Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык унаа жолдордо каттам бар.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жалпы 9 көпүрөнү алып кеткен. Анын 8и калыбына келтирилди. Селдин кесепеттеринен тилекке каршы 14 адам өмүрү менен кош айтышты.

Пикир

Оставить комментарий