Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Ош облусунда 492 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алдын ала маалыматтар боюнча кечки саат 20:00гө карата облустун аймагында жаопы 234 миң 902 шайлоочу өз тандоолорун жасады. Бул жалпы шайлоочулардын 29,8 пайызын түздү.
Белгиленгендей, жалпысынан аймакта шайлоо өнөктүгү тынч өттү. Шайлоо өнөктүгү учурунда одоно түрдө мыйзам бузуулар катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий