• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 3-августта саат 20:06да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий