Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Ош облусунда жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл аймак дотациядан чыкты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар:
- Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагы;
- Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагы;
- Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагы;
- Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагы;
- Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагы.
Ал эми аймактарды ирелештирүүдөн кийин (АТР) 12 айыл аймак, 3 шаар дотациядан чыккан. Алар:
- Араван районунун С. Юсупова айыл аймагы;
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагы;
- Кара-Суу районунун Датка, Манас айыл аймактары жана Кара-Суу шаары;
- Ноокат районунун А. Мирмахмудов, Т. Кулатов, Гулистан, Көк-Жар, Жаңы-Ноокат айыл аймактары жана Ноокат шаары;
- Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Аке айыл аймактары жана Өзгөн шаары.
- Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагы.
Бүгүнкү күндө Ош облусунда жалпы 3 шаар жана 17 айыл аймак дотациядан чыкты.
Пикир
Оставить комментарий