• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ош облусундагы 2 логистикалык борбор жана тигүү цехи ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Кеңеш айыл аймактарында 2 логистикалык борбор жана Көк-Бел айыл аймагында 1 муниципалдык тигүү цехи ачылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматта катышып, старт берди.

Алар:

– Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылында CASA-1000 долбоорунун алкагында курулган "Логистикалык борбор". Долбоордун наркы 6 млн 202 миң 225 сом, имараттын кубаттуулугу 300 тонна.

– Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында муниципалдык "Логистикалык борбор". Долбоордун жалпы суммасы 5 млн 778 миң 702 сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 226 млн 500 сом, ал эми АРИС тарабынан 5 млн 552 миң 202 сом бөлүнгөн. Жалпы кубаттуулугу - 240 тонна.

Логистикалык борбор аталган айыл аймакта өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сапаттуу сактап, кымбат баада сатып берүү аркылуу алардын үй-бүлөлүк кирешелерин өстүрүп, жашоо шарттарын жакшыртуу жана айыл аймагында жумуш орундарынын санын өстүрүү максатында ишке ашырылды.

– Ошондой эле ушул эле райондун Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан 30 орундуу Көк-Бел муниципалдык тигүү цехи. Долбоордун жалпы суммасы 5 млн 471 миң 330 сом. Имарат 1 кабаттуу, тигүү залында 30 тигүү машина коюлуп, жергиликтүү кыз-келиндер жумуш менен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий