• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Би-Би-Си Академиясы журналистикага арналган кыргыз тилиндеги акысыз ресурсту чыгарды

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. 2017-жылы 15-мартта Би-Би-Си академиясы журналистика жана тил үйрөтүүгө арналган маалымат ресурсун кыргыз тилинде акысыз чыгара баштады. Бул тууралуу Би-Би-Си академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Би-Би-Си Академиясынын кыргыз тилиндеги биринчи жаңы ийкемдүү баракчасы http://www.bbc.co.uk/academy/beta/ky/. Би-Би-Синин журналисттик өнүккөн тажрыйбасына арналды. Анын ичинде редакциялык эрежелер, кыргыз тилин колдонуу, журналисттик чеберчилик ыкмалары жазылган. Ошондой эле, анда Би-Би-Сидеги жана дүйнөдөгү кыргыз тилдүү журналисттерге башка баалуу маалыматтар бар.

«Журналисттер окуп үйрөнүү менен эле чектелбей, алар Би-Би-Си журналисттери кылдат карманган биздин объективдүүлүк, тактык жана акыйкаттык сыяктуу башкы принциптерибиздин негизинде тил стандарттарын сактоонун маанилүү экендигин билиши зарыл»,-дейт эл аралык академия сайтынын редактору Наджиба Касраи.

Кыргыз тилдүү журналисттерге котормолорду жасоо, аббревиатураларды колдонуу жана нукура кыргыз жана сырттан кирген сөздөрдү ыктуу пайдалануу боюнча баалуу кеңештер сунушталат. Анын баары Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналистикалык бай тажрыйбасынан алынган.

«Би-Би-Си академиясынын кыргыз тилдүү сайты так жана калыс тилге баш ийүү менен, Би-Би-Синин Кыргызстандагы кабарчылары үчүн эң маанилүү ресурс болуп саналат. Мындан тышкары, бул кайсы жерде болбосун кыргыз тилдүү башка журналисттер үчүн да эң пайдалуу каражат болуп кала берет”,-дейт Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова.

Бул жаңы интернет баракча үч негизги категориядан турат: тил үйрөтүү, көндүмдөр жана стандарттар. Булар Би-Би-Синин редакциялык стандарттары жана негизги баалуулуктары жазылган колдонмо. Журналисттер бул жактан материалдарды которуп жатканда же өзүнчө оригиналдуу текст түзүп жатканда жан тартпоо жана так берүү сыяктуу стандарттарды сактаган тил каражаттарын таба алышат.

Телекөрсөтүү, радио жана санариптик продукциялар сыяктуу мультимедиялык кеңири спектрди камтыган бул сайт ошондой эле презентация кылуу, жаңылыкты баяндап жазуу жана социалдык түйүндөр менен иштөөнүн көзүн табууга да арналган.

Ошондой эле, журналисттерге убакыт тар болуп жатканда ыкчам иштөө ыкмаларына да өзгөчө көңүл бурулган.

Кыргыз тилиндеги жаңы колдонмо Би-Би-Си Академиясынын 23 тилдеги эл аралык сайтынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматындагы бардык тилдердеги кызматтарды, анын ичинде Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кеңейүү алкагында иштеп баштай турган жаңы тилдик кызматтарды өнүктүрүү талабына ылайык келет.

Кыргыз тилиндеги маалыматты Би-Би-Си Академия аркылуу тапса болот, бул ошондой эле Би-Би-Си кыргыз кызматынын баракчасында да жайгашкан.

Би-Би-Си академиясы маалымат берүү, үйрөтүү жана куунак иштөө менен Би-Би-Синин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүнү максат кылат. Көп сандаган кызматкерлерибиздин тажрыйбасына таянып, биз улам өзгөрүп жаткан массалык маалымат каражаттары дүйнөсүндө өзүбүздүн чеберчилигибизди өнүктүрүп турабыз. Би-Би-Си таланттуу адамдарга алардын кайдан чыкканына карабай, окуучу, үйрөнчүк болуп, тажрыйба топтоону сунуш кылат.

Лала Наджафова, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын улук публицисти

Пикир

Оставить комментарий