• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусундагы күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.20./Кабар/. Ош облусундагы күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, облуста 29-августта күндүзгү стационарлардан акыркы 13 бейтап айыгып, чыгарылды.

Эскерте кетсек, Ош облусунда жалпысынан 6000 койко-орун даярдалган. Алардын ичинен 2400 орун стационардык мекемелерде жайгашкан. Калган 3600 орун 188 имаратта уюштурулган күндүзгү стационарларда даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий