• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ош облусундагы шайлоо тилкелери өз ишин баштады, мүчүлүштүктөр жок

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ош облусундагы шайлоо тилкелери өз убактысында ачылып, жарандар добуш берип жатышат.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облуста 58 айылдык жана 3 шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө, шайлоочулардын жалпы саны 783,390 жаранды түздү. Жалпы 492 шайлоо участкасы ачылып, иш алып барууда.

Облустун аймагында жалпы депутаттык мандаттын саны 1541ди түзсө, анын ичинен аялдар үчүн бөлүнгөн квота 599ду түзөт.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн укук коргоо кызматкерлери жана элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Эч кандай мүчүлүштүктөр жок.

Пикир

Оставить комментарий