• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ош облусундагы соттор өткөн жылы 29 миңге жакын иш карашкан

Аймак 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облусундагы жергиликтүү соттордун 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат укту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун жана Ош облустук сотунун жетекчилиги менен кеңешме видеоконференция байланыш аркылуу өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Ош облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Жумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев жана административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.

Маалыматка ылайык Ош облусунун шаардык, райондук жана административдик соту тарабынан жыл ичинде жалпы 28 791 иш каралган.

2021-жылы бул көрсөткүч 27 649 ишти түзгөн. Бул 1 142 ишке же 4 пайызга көп каралгандыгын көрсөтөт. Анын ичинде апелляциялык инстанцияда жалпы 2 170 иш, б.а. иштин 7,5 пайызы даттанылып, 1 456 (67%) иш өзгөртүүсүз калса, 457 (21%) жокко чыгарылып, 257 иш (12%) өзгөртүлгөн.

Ал эми ротациядан кийин судьялар тарабынан каралган иштер боюнча 2022-жылдын май айынан баштап, жалпысынан Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан 19 179 иш каралган. Анын ичинен апелляциялык тартипте 761 иш даттанылган.

Жыйынтыктап жатып облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев белгилегендей, Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан айрым иштерди кароодо киргизилген өзгөртүүлөр жана орун алган мыйзам бузуулар материалдык жана процессуалдык укуктун нормалары сакталбай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле кылмыш иштери боюнча соттолуучулар менен жабырлануучулардын жарашуу келишими түзүлгөн фактылар бар экендиги айтылды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жыйындын катышуучуларынын көңүлүн соттун Кыргыз Республикасынын атынан чечим чыгарып жатканына, сот актысы мыйзамдуу жана негиздүү болушу керектигине бурду. Ошол эле учурда соттун чечими процесстик мыйзамдардын талаптарына так ылайык кабыл алынганда жана материалдык укук ченемдерин туура колдонуунун негизинде гана мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү деп таанылат.

Пикир

Оставить комментарий