• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн саат 16:02де Ош облусунун Алай районунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 8 чакырым, Бор-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Белгиленгендей, жердин силкинүүсү Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий