• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ош облусунун аймагында тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 21.11.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык, Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.

Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү.

«Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөргө кайрылсаныздар болот», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий