• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айымдар арасында өткөн волейбол боюнча турнир жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 22.11.21./Кабар/. Сергек жашоо образын жайылтуу максатында айымдар арасында өткөн волейбол боюнча турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирдин жабылышына маданият министринин орун басары, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канатбек Шабданбаев катышты.

«Дилгир» коомдук уюму тарабынан уюштурулган айымдардын волейбол боюнча турнир сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөп, аймактардан келген курама командалардын башын бириктирген.

Турнирдин жабылыш салтанатында Канатбек Шабданбаев коомдук уюм тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай иш аракет алкоого арзый тургандыгын айтып, ар тараптан колдой тургандыгын билдирди.

Ошондой эле ал турнирдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү менен, Кыргызстандын дене-тарбия жана спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Спорттук иш-чарага жалпы республика боюнча 41 команда катышып, жаш курагы 25 жаштан 70 жашка чейинки айымдар түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий