• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Алайдын Гүлчө айылы таза суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Азамат Исираилов, Элдар Сулайманов Ош облусунун Алай районунунун Гүлчө айыл өкмөтүндө таза суу кампасынын ачылышына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, тоолуу аймакты таза суу менен камсыздоо максатында Аюу-Тапан айылынын Айгыр-Булак участкасынан 38 чакырым аралыкка таза суу түтүктөрүн тартуу мерчемделип, сметалык долбоорлору даярдалган. 2024-жылдын 20-майында куруу иштери башталып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен таза суу түтүктөрү Савай участкасындагы суу кампага туташтырылды. Анын натыйжасында Гүлчө айылынынын көчөлөрү толук таза суу менен камсыздалды.

Ошондой эле депутаттар Алай районуна болгон иш сапардын алкагында Курманжан датка айыл өкмөтүнө караштуу Кабылан Көл айылындагы №25 Мурзаев атындагы орто мектебинде курулган кичи футбол аянтчанын ачылышына катышты. Спорттук аянтча республикалык бюджеттин эсебинен 29,6 млн сомго курулган.

Пикир

Оставить комментарий