Бишкек, 15.12.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев облустун аймактарынан шайланган III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.
Өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар аймактарда аткарылган иштерди көрүп, таанышып чыгышты.
Делегаттар жаңыдан курулган Өзгөн айланма жолун жана Кара-Суу районунда “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борбору сыяктуу бир катар ири өнөр жай ишканаларында болушту.
Андан соң Ош шаарына келишип, Ош облусунун башчысы менен жолугушту. Делегаттарга алгач Ош облусунун аймагында 2024-жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча видеоролик көрсөтүлүп, Эльчибек Джантаев 2025-жылга пландалган ири долбоорлор боюнча баяндап берди.
Соңунда Ош облусунун аймактарынан шайланган III Элдик Курултайдын делегаттары облуста жасалган иштерге оң баасын беришип, алдыда өтө турган Курултай ийгиликтүү болушун каалашты.
Пикир
Оставить комментарий