• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде Жаратылыш министрлигинин регионалдык башкармалыгынын жаңы кеңсеси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Баткенде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын жаңы кеңсеси ачылып, пайдаланууга берилди.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкана мындан 23 жыл мурда, тактап айткандай, 2000-жылы түзүлгөн.

Бул жылдар аралыгында имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган.

Жаңы, заман талабына ылайык имаратты куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 40 млн сом жумшалган.

Мекеменин имаратынын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев жана жергиликтүү жетекчилер, кызматкерлер катышты.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө буларга токтолду: "Жаркыраган бул имаратта мен ойлойм иштөө үчүн бардык шарттар бар. Акыркы мезгилдерде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, жаратылышты коргоо дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү маселе экенин эске алып, облустун экологдору, жаратылышты жана башкармалыктын карамагындагы жаратылыш парктары, корук жана жаратылыш эстеликтерин көздүн карегиндей сактоо жана өнүктүрүү үстүндө жандуу аракеттерди көрөт деп ишенем. Баткендин дагы бир жаңы имараты кут болсун".

Пикир

Оставить комментарий