• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Кытайдан келген жаңы автобустар линияга чыкты. Бүгүн-эртең жүрүү акысыз

Коом 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Кытайдан келген газ кыймылдаткычтуу жаңы автобустар линияга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы Jong Tong автобустары менен жүрүү акысыз болот.

Жаңы линиялар менен жүргөн No 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Эске салсак, майрамдык концерт Ала-Тоонун аянтында өтүп, ал түн ортосуна жакын аяктайт.

Буга байланыштуу борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда жол убактылуу жабылгандыктан, айрым каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Шаар тургундары иш-чарадан кийин үйлөрүнө оңой жете алышат.

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.

Пикир

Оставить комментарий