• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Ош облусунун башчысы Өзгөн районунда өткөн элдик жыйынга катышты

Аймак 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Кечээ, 27-февралда Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык аймагында элдик жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттинин ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев, Өзгөн районундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү айыл аймактын тургундары катышты.

Жыйында жергиликтүү тургундар айылдагы сугат суу, электр энергия, жер тилкеси, турак жай, жол, бала бакча жана социалдык объектилердин курулушу сыяктуу, көйгөйлүү маселелерин айтышты.

Жылдын жыйынтыгында жетишкендиктер менен кемчилдиктер айтылып, элдин көйгөлөрүн чечүү боюнча Кызыл-Тоо айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана тийиштүү райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий