• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто августтан тарта коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасы ишке киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. 18-июлда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү менен биргеликте коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасын киргизүү долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бул долбоор Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен ишке ашып, калктын коомдук транспортту колдонуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө маршруттук таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга атайын системалык мобилдик тиркеме орнотулуп, ал аркылуу шаардын бардык кичи автобустарынын кыймылына OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде көз салууга болот.

Бул системанын өзгөчө артыкчылыгы – ар бир жүргүнчү үйдөн чыкпай эле кичи автобустардын кыймылынын убактысын көрө алат. 1-августка чейин бардык маршруттук каттамдар бул системага кошулат. 1-августта бул системанын расмий презентациясы болот.

Пикир

Оставить комментарий