• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ош облусунун башчысы "Өзгөн тазалык" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев "Өзгөн тазалык" муниципалдык ишканасынын санитардык тазалоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Элчибек Жантаев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, тарыхый шаарда тазалыкты сактоо маанилүү милдет экенин белгиледи. Ошондой эле ал шаарда таштандыларды күн сайын тазалоого шарт түзүү зарылдыгын айтып, бул маселе боюнча долбоор иштеп чыгууга чакырды.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө облус башчысы шаардын инфраструктурасын жаңылоо жана тазалыкты камсыздоого багытталган долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жантаев шаарды санитардык тазалоо боюнча тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн ишкананын техникалык базасын жаңыртуу маанилүү экенин белгилеп, бул багытта ишкананын пландарын ишке ашырууда колдоо көрсөтөрүн айтты.

Белгиленгендей, учурда ишканадагы 12 техниканын 9у гана пайдаланууга жарактуу.

Пикир

Оставить комментарий