• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштун коменданты Нурдинов: Өзгөчө абал кирген аймактарга келгениңерди токтоткула

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Ош облусунун өзгөчө абал кирген аймактарына башка райондордун тургундары келүүсүн токтото элек. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Эске сала кетсек, өзгөчө абал Ош шаары жана Кара-Суу менен Ноокат райондорунда киргизилген.

"Оштун өзгөчө абал кирген аймактарына өзгөчө кырдаал орногон райондорунун жашоочулары келүүсүн токтото элек. Мындан улам бул аймактарга келгениңерди токтоткула. Ал эми азык-түлүк ташыгандар коопсуздук эрежесин сактагыла", - дейт Оштун коменданты.

Нурдинов белгилегендей, тартипти бузган учурга күбө болсоңуз, анда комендатурага кабар бериңиз.

Эскерте кетсек, түндө Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 5 жаран кармалды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий