• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда чектөө алынды. Жол ачык

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда чектөө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайы турукташкандыгына байланыштуу аталган унаа жолдогу чектөө саат 15:00дө алынды.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Алай районунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, саат 12:00дөн тартып Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий