Жалал-Абадда “Ыктыярдуу кайтарымсыз кан тапшыруу” долбоору ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын дарыгерлери, медайымдары, ошондой эле, “Кыргызнефтегаз” бирикмесинин кызматкерлери ыктыярдуу түрдө кайтарымсыз кан тапшырышты. Бул тууралуу маалыматты Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн “Ыктыярдуу кайтарымсыз кан тапшыруу” долбоорунун аймактык кызматкери Назгүл Назарова билдирди.

Анын айтымында, 110 адамга маалыматтык сессия өткөрүлүп, анын натыйжасында 35 адам кан тапшырышты. “Жалал-Абад облустук кан борборунун ыкчам бригадасы жогоруда белгиленген кан тапшырууну каалаган жарандардан кан алышты. Мындай түшүндүрүү иштери дагы да улантыла бермекчи”, - дейт Н.Назарова.

Пикир

Оставить комментарий