Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 259-261-чакырым аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап (тоолордо кардын эришинен улам), жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол убактылуу жабык. Жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам толук жанданды. Ал эми 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий