• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында социалдык дарыкана ачылды. Кимдерге жеңилдик каралган?

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта, Жалал-Абад шаарында социалдык дарыкана ачылды.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага вице-мэр Гулбарчын Таштанбекова, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана дарыгерлер катышты.

Аталган жайдан Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 2,5 миң жаран жеңилдетилген баада дары-дармектерди сатып ала алат. 1-2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 25 пайыздык жана 3-топтогулар 15 пайыздык арзандатуу менен медицина каражаттарын сатып ала алышат. Мындан сырткары, пенсионерлерге жана шаардын тургундарына 10 пайыздык арзандатуу каралган.

Эскерте кетсек, социалдык даарыканы ачуу демилгеси COVID-19 пандемиясы учурунда жарандарга дары-дармек жетишсиз болуп, дарылардын баалары жогорулап кеткендиктен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий