Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун айрым бөлүгүнө оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бороон болуп жол толугу менен көрүнбөй жаткандыктан, Ош облусунун Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун 219-чакырымынан тартып 234-чакырымына чейинки бөлүгү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол жабык.
Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдор ачылганда толук маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий