• 86.8
  • 91.52
  • 0.78

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынан өткөн эл аралык маанидеги Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды жана жеңил типтеги объекттерди бузуу жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мамкурулуштан билдиришкендей, иштер агенттиктин аймактык түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аткарылууда.

Эске салсак, президенттин "Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан.

Пикир

Оставить комментарий