• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош: шаар мэринин кезектеги эл менен болгон жолугушуусу башталды

Аймак 0

Бишкек,10.10.17./Кабар/. Кечээ, 9-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Амир-Тимур аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Жыйынга мекеме-ишканалардын жеткчилери да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын башында шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.

“Ош шаары өнүгүү жолунда бара жатат. Жарыктандыруу боюнча тынымсыз иш аракеттер жүрүп, бир жарым айдын ичинде шаардагы 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылат. Ошондой эле, эс алуу жайларын реонструкциялап, шаардыктардын эс алуусуна кам көрүп, туризм багытын өнүктүрүүгө бет алдык. Учурда шаардагы парктардын 98% оңдоп-түзөөдөн өттү. Жүз жылдык тарыхы бар Т.Сатылганов багында оңдоо иштери башталды. Мындан тышкары, төртүнчү көпүрө, веложол, машыгуучу жайлар курулуп тапшырылды. Мамлекетте тынчтык менен ынтымак болуп турса жасай турган иштер алдыда”, - деди А. Кадырбаев.

Мындан тышкары, жыл башында аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколук тапшырмалар айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө жол, жарыктандыруу, таза суу, кызыл сызыктан чыккан мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү жана башка маселелер туурасында кат жүзүндө суроолор келип, өз жообун алды. Ал эми алардын аткарылгандыгы туурасында кийинки жылы жазга маал эл менен жолугуп, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев маалымат берет. Тийиштүү жетекчилерге жыйындан соң, жерине барып айрым көйгөйлөрдү көрүп келүүгө тапшырма берди.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий