• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 млн долларлык меджабдуулар берилет

Аймак 0

Бишкек, 08.09.24. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында оорукана 5 млн долларлык медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.

Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 м2 болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.

Пикир

Оставить комментарий