• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы өтүүдө.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме-уюмдардын, кызматтардын жетекчилери катышып жатат.

Күн тартибинде:

- “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасы

- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө

- Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

- Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы No75 “Ош шаарынын аймагындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

- “Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо эрежесин” бекитүү жөнүндө

- Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы “Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө” No72 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

- жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө

- Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” No117 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

- Ош шаарындагы кээ бир географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө

- Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө

Биринчи теманы кароонун алкагында мэр Бакытбек Жетигенов Программанын негизги багыттары, аспектилери жана ишке ашыруу жолдору боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди. Андан соң Программа бир добуштан кабыл алынды.

Эске салсак, Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 5 негизги артыкчылыктуу багытты камтыйт:

1. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо, инвестиция тартуу, туризм тармагын активдүү өнүктүрүү аркылуу жаңы ишканаларды ачуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Келечекте Ошту туристтик борборго айландыруу пландалууда.

2. Шаарды башкаруунун заманбап системасын калыптандыруу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, “Санарип Ош” муниципалдык ишканасын түзүү, электрондук документ жүгүртүү системасынын потенциалын жогорулатуу. Муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, анын ичинде МАБдардын коомдогу ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

3. Шаардын коммуналдык чарбалык инфраструктурасын комплекстүү жакшыртуу, мында калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык абалын жакшыртуу жана сырткы фасаддарын оңдоо, балдар аянтчаларын куруу, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу жана шаар калкын газ менен толук камсыз кылууну улантуу, шаардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаар калкын коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу иштери аткарылат. Заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууну камтыйт.

4. Шаар куруу жана муниципалдык менчик багытында генпландын негизинде шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу, шаар тургундарын ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуу, айлампа жолдордун курулушун баштоо боюнча иш алып баруу, шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө жана социалдык имараттарды куруу менен муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жагы каралган.

5. Социалдык тармакта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагын жана социалдык коргоо тармагын өнүктүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий