• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оштогу окуучулардын уулануусу. Атыр экспертизага жиберилди

Ден соолук 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Момбеков атындагы №101 орто мектебинин окуучулары белгисиз заттан ууланып, ооруканага түшкөн. Окуя 29-мартта болжол менен саат 16:00дөр чамасында болгон.

Окуучулар атырдан ууланганын айтышкан.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, милиция кызматкерлери атырды экспертизага жиберишти.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Дарыгерлердин консилиумунун жыйынтыгы менен стационардык дарылануудагы 18 баланын 13ү канааттандырарлык абалда жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосуна чыгарылат. Калган беш бала андан ары байкоо жүргүзүү үчүн травматология бөлүмүнө которулат.

Азыркы тапта алардын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий