• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда эхинококкоз боюнча эл аралык конгресс өтөт

Ден соолук 0


Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Бишкекте 28-30-август аралыгында эхинококкоз оорусу боюнча конгресс өтөт, ал дүйнөнүн орус тилдүү бөлүгүндө биринчи жолу өтүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйнында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин паразитологу Жумагүл Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара тажрыйба алмашуу, кызматташтык жана бул жаатта эксперттер менен адистердин ортосундагы мамилени жакшыртууга мумкүндүк берет.

Ал конгресстин алкагында Чыгыш Европадан Тынч океанга чейинки кең аймакта альвеолярдык жана кистикалык эхинококкоздун пайда болушуна жана жайылышына байланышкан көйгөйлөрү талкууланарын белгиледи.

Өз кезегинде Цюрихс университетинин профессору Пол Торгерсон Кыргызстанда жылына эхинококкоздун миңден ашык, ал эми альвеококкоздун 400дөн ашык учуру катталарын маалымдады. "Бул олуттуу оору. Конгресс адистердин пикир алмашуусу жана дарылоонун натыйжалуу ыкмалары менен тажрыйба алмашуусу үчүн абдан маанилүү", - деди профессор.

Ошондой эле Эл аралык жогорку медицина мектебинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Айназик Өмүрзакова конгресске дүйнөнүн Австралия, Аргентина, Франция, Германия, Эстония, Швейцария сыяктуу 23 мамлекеттен 200дөн ашык адистер келерин айтты.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын проректору Ниязбек Маматов белгилегендей, конгресстин катышуучулары дарылоо, операция жасоо жана ооруну аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнө алышат. "Иш-чаранын жыйынтыгы менен конгресстин материалдар жыйнагы жарыяланат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий