• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу КР ТИМ башчысынын Германияга сапарынын алкагында кечээ, 24-августта Берлин шаарында болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Гамбург Федералдык аймагындагы ардактуу консулу, Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы Карл Элердинг, Төмөнкү Саксония федералдык аймагындагы ардактуу консулу Маргарета Бём жана Саксония Федералдык аймагындагы ардактуу консулу Ставрос Эфремидис катышты.

Жээнбек Кулубаев консулдардын Германиядагы КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы иштери, ошондой эле Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоодо ардактуу консулдар институтунун ролун белгиледи.

Өз кезегинде, ардактуу консулдар кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий