• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарында 700дөн ашуун айымдын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта, Ош шаарында 8-март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаанын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын башын бириктирип, майрамдык шаң тартуулаган иш-чарада Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов аялзатын майрамы менен куттуктады. Иш-чарага 700дөн ашык айым катышты.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, КР Эл артисттери Керим Турапов, Шахра Талипова, эстрада жылдыздары Нурлан Насип, Айпери Кулбаева баштаган эл сүйгөн таланттар ыр сунушту.

Аны менен катар өз тармагында ийгилик жараткан айымдар Ардак грамоталар менен сыйланып, чакырылган конокторго Ош шаарынын мэриясынын белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий