• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Тору-Айгырда 5 га жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тору-Айгыр айыл аймагындагы 5 га жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ысык-Көл райондук сотунун 2014-жылдагы чечими менен “Маяк” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин батыш тарабында жайгашкан 5 га жайыт жер тилкеси А.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги жана ага карата жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

Аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан берилген доо арыз сот тарабынан канааттандырылып, прокурордук талаптын негизинде, 16 млн 674 миң сомго бааланган жер тилке Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий