• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында "Агро Экспо 2024" көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында” аталышында “Агро Экспо 2024” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Түркия, Россия , Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермерлер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлүүдө.

Көргөзмө-жарманке TES-центр коомдук фонду тарабынан айыл чарбасындагы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, технологияларды жана кызматтарды берүүчүлөрдү дыйкандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий