• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ош шаарында аялдардын ишмердигин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Ош шаарында "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" КР мыйзамына "Аял ишкердиги" аныктамасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө маалымдоого арналган тегерек стол өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тегерек столго Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Жогорку кеңешинин депутаттары Элдар Абакиров, Жалолидин Нурбаев, "Демилгелүү айымдар" Коалициясынын Башкаруу органынын төрайымы Азиза Юлдашева, эксперттер катышты.

Жыйында аял ишкердиги боюнча улуттук программа боюнча кенен маалыматтар берилип, аял ишкердигинин мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу жөнүндө презентациялар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий